Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

АКШнын дипломаты Беларустагы демонстранттарга колдоо көрсөттү


АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Стивен Биган.
АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Стивен Биган.

Вашингтон европалык өнөктөштөр менен бирге Беларус бийлигинен саясий туткундарды бошотууну, демонстранттарга күч колдонууну токтотууну жана элге эркин шайлоо аркылуу өз өкмөтүн өзү тандоого шарт түзүүнү талап кылууну улантат. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Стивен Биган «Эркин Европа / Азаттык» радиосу менен телефон аркылуу маегинде билдирди.

«Сиздер, Беларус эли, демократия менен эркиндик канчалык маанилүү экенин эске салдыңыздар. Сиздер көрсөткөн кайратмандыкка суктанабыз жана ийгилик каалайбыз», - деди Биган.

Ал дүйнө Беларустагы тынч демонстрацияларды колдоп жатканын белгилеп, Кошмо Штаттар баштаган эл аралык коомчулук Минскиге адам укуктары боюнча милдеттенмелерин аткарышы үчүн басым көрсөтүүнү уланта берерин айтты.

«Биздин башкы талаптарыбыз - адилетсиз кармалгандарды дароо бошотуу жана демонстранттарга каршы зомбулукту токтотуу», - деди америкалык дипломат.

Стивен Биган өткөн аптадан бери Литваны, Орусияны, Украинаны жана Австрияны кыдырып келди.

Беларуста президент Александр Лукашенкого жеңиш ыйгарылган шайлоонун жыйынтыгына каршы демонстрациялар 9-августтан бери токтобой жатат. Батыш өлкөлөрү шайлоо бурмаланганын билдирип, тынч митингчилерге күч колдонулганын айыптап келатышат.

Орусиянын бийлиги президент Лукашенкого колдоо көрсөтүп жатат. 2-сентябрда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатышат.

XS
SM
MD
LG