Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:58

«Медиа Полиси»: августта сөз эркиндигине көлөкө түшүргөн ондон ашуун окуя болду


Кыргызстандагы журналисттердин иш-чараларынын бириндеги сүрөт.
Кыргызстандагы журналисттердин иш-чараларынын бириндеги сүрөт.

Август айында Кыргызстанда сөз эркиндигине көлөкө түшүргөн 12 окуя болду. Маалымат каражаттарына байланыштуу укуктук маселелер менен алектенген «Медиа Полиси» институту бул тууралуу кыскача маалыматты 1-сентябрда жарыялады.

Адистердин эсебинде 3-августтан 27-августка чейин ар кандай укук бузуу фактылары катталган. Арасында социалдык тармактардагы «Меместан» баракчасынын бузулушу, өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин Бишкекте кармалып, Ташкентке өткөрүлүп берилиши, айрым журналисттердин Интернеттеги пикири үчүн күч органдарына суракка чакырылышы, «Азаттык» радиосунун шайлоону талкуулаган «Эксперттер талдайт» программасын ЭлТР телеканалынан көрсөтпөй коюшу сыяктуу 12 факт келтирилген.

Жарандык коом жана медиа уюмдар бийликтин сөз эркиндигине басым жасаган учурлары көбөйүп баратканын сындап келатышат.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун 2020-жылга карата дүйнөнүн 180 мамлекетиндеги басма сөз эркиндиги талданган баяндамасында Кыргызстан 82-орунду ээлеген. (SE)

XS
SM
MD
LG