Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки протоколго кол коюлду


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров. 28-август, 2020-жыл.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров. 28-август, 2020-жыл.

28-августта Ташкент шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен эки протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын деңгээлиндеги, чек ара маселеси боюнча атайын өкүл Назирбек Борубаевдин айтымында, эки тарап өзбек-кыргыз чек арасындагы 94,5 чакырым боюнча чекти сүрөткө түшүрүү долбоорун макулдашып, бекитишти. Ошондой эле мурда макулдашылбаган 10 тилкенин бири боюнча макулдашуу бекитилди.

«Өкмөттүк делегациялардын биргелешкен кеңешмелери конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго: топографиялык жумушчу топтун жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын протоколуна кол коюлду. Ушул жылдын соңуна дейре жумушчу жолугушуулардын графигинин планы бекитилди. Алар ай сайын өткөрүлмөкчү», - деди Назирбек Борубаев.

Буга чейин Ташкентте жумушчу сапар менен жүргөн вице-премьер-министр Акрам Мадумаров чек араны тактоо иштери пандемиядан улам солгундап калганын айткан.

2020-жылы 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан.

Эки тараптан ондогон кишилер жабыркаганы кабарланган. Аймактагы соңку жагдайды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.

Кыргызстан менен Өзбекстан 1379 чакырымдай чектешет, анын ичинен 85% такталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG