Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

АКШнын Кеноша шаарында нааразылык акциясы уланууда


Висконсиндеги полициянын аракетин айыптаган акция.
Висконсиндеги полициянын аракетин айыптаган акция.

Кошмо Штаттардын Висконсин штатындагы Кеноша шаарында афроамерикалык жаран Жейкоб Блейктин полициянын огунан жарадар болушуна байланыштуу нааразылык акциясы токтой элек. Бейшембидеги каршылык акциясы түндүн бир оокумуна чейин уланды. Азыр шаарда Улуттук гвардиянын аскерлери күзөттө турушат.

Кеношадагы кырдаал 27-августта Республикалык партиянын улуттук жыйынында да талкууланды. Анда президент Дональд Трамптын администрациясындагы эң жогорку кызматта турган афроамерикалык, турак жай жана курулуш министри Бен Карсон сөз сүйлөп, 29 жаштагы Блейктин үй-бүлөсүнө өз колдоосун билдирди.

23-августта Кеношада полиция кызматкерлери Жейкоб Блейкти кармаганга аракет кылып, анын арка жагына жети жолу ок атылган. Азыр ал ооруканада жатат. Висконсиндин прокурору Жош Коул Блейктин автоунаасынан бычак табылганын билдирген. Бирок жакындары Блейк полицияга коркунуч жаратпаганын белгилеп жатышат.

Блейкке Кеношанын полиция бөлүмүндө жети жылдан бери иштеп жаткан Рустен Шески ок атканы белгилүү болду. Нааразы тарап ага расмий айып коюууну талап кылууда.

Бул окуя байланыштуу Кеношадагы нааразылыктын алгачкы күндөрүндө автоунаалар, мамлекеттик жана жеке ишканалардын имараттары өрттөлгөн. Жергиликтүү тургундар менен полициянын ортосунда кагылышуу да болгон.

27-майда Миннеаполис шаарында афроамерикалык Жорж Флойд полициянын огунан каза болгонуна байланыштуу АКШда ири нааразылык акциялары өткөн эле.

XS
SM
MD
LG