Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:24

«Кыргызстан» партиясы Бишкектин административдик сотуна арыз берди


«Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берди. Партиянын мүчөсү Талант Мамытов арыз 26-августта жазылганын «Азаттык» радиосуна билдирди.

«Мыйзам боюнча иш үч күндүн ичинде каралышы керек», - деди Мамытов.

Ал арада партиянын лидери Канатбек Исаев шайлоо штабындагы кызматкерлерге кайрылып, жумушту уланта берүүгө буйрук берди. Анын кайрылуусу «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Исаев сот БШКнын чечимин жокко чыгарарына ишенерин, партия шайлоого сөзсүз катышарын айтты.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок «Кыргызстан» партиясы шарттарды бузган деген негиз менен анын документтери 25-августта артка кайтарылган. (SE)

XS
SM
MD
LG