Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

«Шарите» ооруканасы Навальный ууланганын билдирди


Кремлди катуу сындап келген Алексей Навальный. 20-июль, 2019-жыл.
Кремлди катуу сындап келген Алексей Навальный. 20-июль, 2019-жыл.

Кремлди сындап келген Алексей Навальный «холинэстераза ингибиторлору» деп аталган активдүү заттардын тобуна ууланган болушу мүмкүн экенин Берлиндеги «Шарите» ооруканасы билдирди.

Клиниканын сайтында жарыяланган билдирүүгө ылайык, Навальный «реанимацияда, аны атайын комага түшүрүп коюшкан». Ошондой эле анын абалы «оор, бирок азыркы учурда өмүрүнө коркунуч жок экенин» жазылган.

«Холинэстераза ингибиторлору» айрым дары-дармектерде, пестициддерде жана нервди шал кылган заттардын курамында болот.

Навальный Германияга 22-августта жеткирилген.

44 жаштагы саясатчы 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, эстен танып жыгылган. Учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон.

Ал учакка отурар алдында Богашево аэропортундагы кафеден чай ичкен. Саясатчынын тарапкерлери «Навальный дал ушул жерден чайга бир нерсе кошуп ууландырылышы мүмкүн» деп шектенип жатышат.

Омскидеги дарыгерлер Навальныйдын негизги диагнозу – «зат алмашуунун бузулушу» деп сыпаттап, «бул балким учакта отурганда канындагы канты кескин азайып кетишинен болушу мүмкүн» деп билдирген.

XS
SM
MD
LG