Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:43

Сирия менен Түркиянын чек арасындагы лагерде тажикстандык аял каза болду


Сирия-Түркия чек арасындагы «Аль-Мабрука» качкындар лагериндеги кыз. Апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Сирия-Түркия чек арасындагы «Аль-Мабрука» качкындар лагериндеги кыз. Апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

«Ар-Рож» аттуу качкындар лагеринде газ баллондун жарылуусунан 31 жаштагы тажикстандык Наргис Жураева каза тапты. Тажик бийлигинин маалыматына караганда, анын денесинин 80% күйүп калган. Бирок лагердеги башка тажикстандык аялдар келин депрессиядан улам өз жанына кол салганын айтышууда.

«Ар-Рож» лагери Хасакинин түндүк-чыгышындагы Түркия менен чектешкен Аль-Маликиде жайгашкан.

Тажикстандын Ирактагы жана Кувейттеги элчиси Зубайдулло Зубайдзода газ баллон маркум тамак жасап жаткан учурда жарылганын «Азаттыктын» тажик кызматына билдирген. Аймакты көзөмөлдөгөн күрд аскерлери да тажикстандык келиндин өлүмүн кырсык катары мүнөздөшкөн.

Сирия-Түркия чек арасындагы качкындар лагеринде Тажикстандан барган жети аял жана 17 бала бар. Тажикстандык келиндер менен балдардын басымдуу бөлүгү - 500 чамалуусу Хасаки провинциясындагы «Аль-Хол» лагеринде. Сириянын качкындар лагерлеринде тажикстандык аялдар жана балдар болуп 575 киши бар экени кабарланган.

Расмий маалыматтарга караганда Сириядагы жана Ирактагы согушка катышуу үчүн Тажикстандан эки миңге жакын жаран чыгып кеткен. Алардын көпчүлүгү үй-бүлө, бала-чакасын кошо алып кетишкен. Иракта күйөөсү согушкерлик кылган келиндер кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Былтыр апрелде тажик бийлиги Ирактан атайын каттам менен 84 баланы алып келген. Алардын аталары террордук ИМ тобунун катарында согушкан. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Ирактын түрмөлөрүндө, абактарында 43 аял, ал эми балдар үйлөрүндө 95 бала калганын билдирген.

XS
SM
MD
LG