Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Тихановская Европа өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылды


Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская. 19-август, 2020-жыл.
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская. 19-август, 2020-жыл.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Европа өлкөлөрүнүн лидерлерин анын мамлекетинде болуп жаткан өзгөрүүлөрдү колдоп, Беларус элинин тандоосун сыйлоого чакырды.

Тихановская мындай видеокайрылууну Евробиримдиктин 19-августта өтчү чукул жыйынын утурлай таратты.

9-августта өткөн шайлоодо Лукашенко добуштардын 80% алганы расмий жарыяланган, бирок көз каранды эмес экзит-поллдор экинчи орунду ээлеген Тихановская добуштардын көбүн алганын ырастап атышат.

Шайлоонун эртеси Литвага чыгып кеткен Тихановская видеокайрылууда Европа өлкөлөрүнүн лидерлерин «жыйынтыгы бурмаланган бул добуш берүүнү тааныбоого» чакырып, Лукашенко «дүйнөнүн жана беларустардын алдында легитимдүүлүгүн жоготту» деп кошумчалады.

Беларуста президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган ири акциялар башталганына 11 күн болду.

Мамлекетти 1994-жылдан бери башкарып келген Лукашенко жаңы Конституция кабыл алынган шартта гана жаңы президенттик шайлоо өтүшү мүмкүн экенин айткан.

XS
SM
MD
LG