Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Евробиримдик Беларустагы кырдаалды талкуулайт


Минск.
Минск.

Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишел 17-августта биримдиктеги өлкөлөрдүн башчыларын Беларустагы кырдаалды талкуулоого чакырган. Иш-чара шаршембиде өтөт.

Чакырууда: «Беларус эли келечегин тандоого укуктуу. Бул үчүн зомбулукту токтотуп, тынч сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Өлкө бийлиги элдин эркин эске алууга тийиш. Сырттан кийлигишүү болбошу керек», деп жазылган.

Еврокеңештин башчысы 9-августта Беларуста өткөн шайлоо эркин да, калыс да болбогонун, андан кийинки демонстрациялардагы кармоо зомбулук менен коштолгонун белгиледи. «Айыптуулар жазасын алышы керек. Евробиримдик санкцияларды даярдап жатат», деди Мишел.

18-августта Мишел Беларустагы кырдаалды Орусиянын президенти Владимир Путин менен талкуулаган. Соңунда «Беларустагы кризис тынч сүйлөшүүлөр менен гана чечилүүгө тийиш» деп жазды.

Беларуста нааразылык акциялары 10-күнү да уланды. Беларус бийлигине эл аралык коомчулуктун басымы күчөдү. Шайлоо жыйынтыгын тааныбаган өлкөлөр көбөйүп, Бириккен Улуттар Уюму да билдирүү таратты.

XS
SM
MD
LG