Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

«Ата Журт» партиясы «Мекеним Кыргызстанга» кошулганын төгүндөдү


Мирлан Бакиров жана Акматбек Келдибеков.
Мирлан Бакиров жана Акматбек Келдибеков.

«Ата Журт» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары бириккени жана парламенттик шайлоого чогуу барууга камынып жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. «Ата Журттун» басма сөз кызматы 18-августта ушундай билдирүү таратты.

Анын алдында эки саясий топ бириккенин, меморандумга кол коюлганын «Мекеним Кыргызстан» партиясы кабарлаган жана эки партиянын лидерлери Мирлан Бакиров менен Акматбек Келдибековдун кол алышкан сүрөттөрүн жарыялаган.

«Ата Журт» партиясынын басма сөз кызматы билдирүү таратып, Келдибеков өзү башка партиянын курамында шайлоого аттанууга акысы бар экенин, бирок партиянын атынан меморандумга кол коё албай турганын билдирди. Буга Келдибековдон азырынча комментарий алганга мүмкүн болгон жок.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылы түзүлгөн. Аны парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жетектеп баратат.

«Ата Журт» партиясы 2010-жылы түптөлүп, башында Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров турушкан. Учурда партиянын лидери - Акматбек Келдибеков.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. Ат салышууга алгач 44 партия ниетин билдирип, төртөө ар кандай себептерден улам жарыштан чыккан. Акыркы күндөрү бир катар партиялар саясий күрөшкө биригип аттанарын жарыялай баштады. (SE/BTo)

XS
SM
MD
LG