Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Бишкекте мыйзамсыз акча чогултууга байланыштуу мугалим иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Директордун тамак-ашына жана башка чыгымдарга» деп мыйзамсыз каражат чогултуп жаткан Бишкектеги №54 мектептин мугалими жумуштан бошотулду. Ал эми мектептин директору И.А. Борисовага сөгүш жарыяланды жана ээлеген кызматына ылайыктуулугу каралат.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, №54 мектептин окуучуларынын ата-энелери сөз болуп жаткан мектептин фондуна акча чогултуу фактылары боюнча журналисттерге кайрылышкан.

Шаардык бийлик 2019-жылдын 10-октябрынан бери билим берүү башкармалыгынын «Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзамы иштеп жатканын эскертти. (BTo)

XS
SM
MD
LG