Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Кыргызстанда коронавирус 1496 кишинин өмүрүн алды


Бишкектеги оорукана.
Бишкектеги оорукана.

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 135 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын 17-августтагы маалыматына караганда, бир күн аралыгында вирустан дагы бир киши кайтыш болду. Бейтап каза болгон учур Баткен облусунда катталды.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1496 кишиге жетти. Вирусту 41991 киши жугузуп алып, анын 34567си айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG