Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

АКШ президентинин иниси Роберт Трамп каза болду


Дональд Трамп иниси Роберт менен.
Дональд Трамп иниси Роберт менен.

АКШ президенти Дональд Трамп иниси Роберт каза болгонун кабарлады. Ал 71 жашка чыккан эле.

Мурдараак Роберт Трамп оор абалда Нью-Йорктогу бейтапканага жаткырылганы маалымдалган. 14-августта президент андан кабар алып, абалын сурап чыккан. Анын өлүмүнүн себеби айтылган жок.

“Менин сонун иним Роберт бүгүн дүйнөдөн кайтканын жүрөгүм өйүп кабарлап жатам. Ал менин бир тууганым эле эмес, ал мыкты досум да болчу. Анын жоктугу мага дайым сезилип турат, бирок биз дагы жолугушабыз”,-деп айтылат Ак үйдүн басма сөз кызматы тараткан президенттин билдирүүсүндө.

Роберт Трамп эмгек жолун Уолл-Стриттен баштап, кийинчерээк Дональд Трамптын мейманкана, гольф-клуб жана башка бизнестерин көзөмөлдөгөн "The Trump Organisation" компаниясына жетектөөчү адис катары кошулган. Соңку жылдары ал саясатта агасынын берилген тарапкери катары жүргөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG