Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Үч депутат Атамбаевди жактаган КСДПдан чыгуу тууралуу арыз жазды


Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) желеги.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) желеги.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөлөрү, КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракция башчысы Иса Өмүркулов, мүчөлөрү Элвира Сурабалдиева, Кожобек Рыспаев, президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Анарбек Калматов КСДПнын лидеринин милдетин аткаруучу Анвар Артыковго партиядан чыгуу тууралуу арыз берди.

Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Ал Иса Өмүркулов менен Кожобек Рыспаев КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен партиядан 2018-жылы эле чыгарылганын айтты.

Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп келди.

Бул кызматты ал быйыл 27-майда ЖК депутаты Анвар Артыковго өткөрүп берген. Атамбаев баштаган бир топ адамдар Кой-Таш окуясы үчүн айыпталып, соттолууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG