Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Жо Байден сенатор Камала Харристи вице-президенттикке тандады


Жо Байден жана Камала Харрис.
Жо Байден жана Камала Харрис.

Демократтар партиясынан АКШ президенттигине ат салышып жаткан Жо Байден өзүнүн өнөктөшү катары вице-президенттик кызматка сенатор Камала Харристин талапкерлигин көрсөттү.

Бул тууралуу Байден «Твиттерге» 11-августта жазып, Харристи карапайым калктын таламын талашкан тайманбас күрөшчү катары сыпаттады.

BBC Байден менен Харрис Демократтар партиясынан расмий өнөктөш талапкер катары эмки аптада жарыяланарын кабарлады.

55 жаштагы Камала Харрис Байдендин жеңиши үчүн колдон келген аракетин көрө турганын «Твиттерге» жазды.

Тарыхта вице-президенттикке талапкер болгон алгачкы ындыкара айым Камала Харрис - Калифорниядан шайланган демократ-сенатор. Ал Окленд шаарында иммигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы индиялык, атасы ямайкалык.

АКШда президенттик шайлоо 2020-жылдын 3-ноябрына белгиленген. Республикачылардан азыркы президент Дональд Трамп - талапкер.

XS
SM
MD
LG