Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Жээнбеков Лукашенкону кайра президент болуп шайланышы менен куттуктады


Александр Лукашенко жана Сооронбай Жээнбеков. Минск. 30-ноябрь, 2017-жыл.
Александр Лукашенко жана Сооронбай Жээнбеков. Минск. 30-ноябрь, 2017-жыл.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Беларустун президенти Александр Лукашенкону өлкө президентинин кызматына кайрадан шайланганы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сиздин бай тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз элдин бакубаттыгын жогорулатууга мындан ары да өбөлгө түзүп, өлкөнүн саясий жана экономикалык өнүгүшүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларына ишенем», - деди Сооронбай Жээнбеков куттуктоосунда.

Беларус БШКсы 10-августта жарыялаган баштапкы жыйынтыктарга ылайык, Беларусту 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко добуштардын 80,23%, Светлана Тихановская 9,9% алды. Калган үч талапкердин ар бири 2% жетпеген көрсөткүчкө ээ болду.

Президент Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановскаянын штабы жекшембидеги шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Алар белгилешкендей, 9-августтагы президенттик шайлоодо Тихановскаяга шайлоочулардын 70-80% добуш берди. (BTo)

XS
SM
MD
LG