Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Аялдар маршы үчүн кармалгандар эл аралык уюмга кайрылганы жатышат


Кыргызстандагы ала качууга дуушар болгон кыз-келиндердин тагдырын чагылдырган долбоордун автору, сүрөтчү Татьяна Зеленскаяны милиция кызматкерлери карап кетип бараткан учур. 8-март, 2020-жыл.
Кыргызстандагы ала качууга дуушар болгон кыз-келиндердин тагдырын чагылдырган долбоордун автору, сүрөтчү Татьяна Зеленскаяны милиция кызматкерлери карап кетип бараткан учур. 8-март, 2020-жыл.

Быйыл 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршын» уюштурууга аракет кылганы үчүн жазага тартылган алты кыз-келин эл аралык уюмдарга кайрылганы жатышат. Бул тууралуу 7-августта «Азаттыкка» адвокат Евгения Крапивина билдирди.

Анын айтымында, Свердлов райондук сотунун «милициянын алты кызга айып салганы туура» деген чечиминен кийин алар шаардык сотко арызданышкан.

Бирок шаардык сот алардын арызын кароого укугу жок экенин билдирип, муну «Тартип бузуу жөнүндө» кодексте биринчи инстанциянын чечимине карата арызды кароонун жол-жобосу жазылбаганы менен түшүндүргөн.

Крапивина Жазык кодексинде, Жарандык кодексте жана Жорук иштери боюнча кодексте соттун чечимине арыздануу эрежелери так жазылганын, ал эми «Тартип бузуу жөнүндө кодексте» андай норма жок экенин айтууда:

«Биз андан ары эл аралык деңгээлде, балким Адам укуктары боюнча комитетке кайрылабыз. Чогуу талкуулап, чечим кабыл алабыз. Адегенде ички механизмдердин баарын колдонушубуз керек эле. Бирок андай механизм таптакыр каралган эмес. Биз тынч митинг өткөрөлү дегенбиз, андай укукка Конституция менен кепилдик берилген. Биз митингди баштаганга да жетишпей калдык. Баары эле митингге чыгышат, биздики эле тоскоолдукка туш болду».

Быйыл 8-мартта Жеңиш аянтында кыз-келиндердин укуктарын коргоо, зомбулукка кабылган кыздардын маселесин көтөрүү максатында уюштурулган митинг башталбай жатып аяктаган. Кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлгөнүн, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилгенин кабарлаган. «Феминалле» жана «8/365» коомдук уюмдарынын 8-марттагы митинги уруксатсыз уюштурулганын белгилеген.

Райондук милиция маршка чыккан алты кыз-келинге үч миң сомдон айып төлөтүү тууралуу токтом чыгарган. Алты активист бул токтом мыйзамсыз экенин айтып, Свердлов райондук сотуна кайрылган. Сот ишти жабык карап, алардын өздөрүн күнөөлүү деп тапкан.

«Аялдардын шериктештик маршы» деген ураан менен акция өткөрүү пландалып жаткан учурда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учуратышкан. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташкан.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылган.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG