Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Китеп чыгарууга 16 миллион сом бөлүндү, элден түшкөн сунуштар да каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл мамлекеттин эсебинен китеп басып чыгарууга 16 миллион сом бөлүнүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Министр Азамат Жаманкулов бул акчага кандай китептерди чыгарса туура болору жөнүндө элден сунуш-пикир кабыл алынып жатканын билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы мамлекет бул максатта 17 миллион сом бөлүп берген, бирок басылып чыккан китептер элдин калың катмарына жеткен эмес.

«Тизмени карап көрдүк. Көбүнесе кесипкөй тармактагы китептер болгондуктан аларды элдин калың катмарына жеткирүү мүмкүнчүлүгү аз болгон. Быйыл да чоң мүмкүнчүлүк болуп жатат. Сиздер менен да кеңешүүнү туура көрдүк», - деди ал.

Жаманкулов быйыл бөлүнүүчү каражатка басылып чыгарыла турган китептердин тизмесин бекитиш үчүн атайын комиссия иштеп жатканын, сунуш-пикирлер 10-августка чейин кабыл алынарын кошумчалады.

Сунуштар кыргыз авторлорунун чыгармалары, дүйнөлүк классика жана дүйнөлүк аянтчада аябай популярдуу болуп жаткан чыгармалар деген үч багытта кабыл алынууда. Айрымдары быйыл, ал эми котормо талап кылынгандары келерки жылы басылып чыгары пландалган. Алар мамлекеттин бардык аймактарындагы китепканаларга таратылып берилет.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин аймактардагы китепканаларынын көбү жеке колго өтүп кеткен.

Китепкана иши кийин гана жандана баштады. Буга жарандык активисттер да жардам берүүдө. Мисалы, «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында 152 китепкананын фонду жаңыланды. (RK)

XS
SM
MD
LG