Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

«Сапаттын» окуучулары химия боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болушту


Химия боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү. 2020-жылдын август айы.
Химия боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү. 2020-жылдын август айы.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучулары химия сабагы боюнча ICHO (International Chemistry Olympiad 2020) эл аралык онлайн олимпиадасында байгелүү орундарды ээлешти.

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Камил Мамбетов коло, Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев атындагы лицейдин окуучулары Камил Кубанычбек күмүш жана Нурсултан Соодонбеков коло медалга татышты.

Караколдогу лицейдин окуу бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Чортеков 5-августта «Азаттыкка» билдиргендей, олимпиаданын жеңүүчүсү болгон окуучулар буга чейин бир катар акыл таймаштарына катышып келишкен.

«Бул балдар бизге 7-класстан келген, - деп түшүндүрдү ал. - Тесттен өтүп, 50% жана 75% жеңилдик менен төлөп окуу укугуна ээ болушкан. Облустук, республикалык олимпиадаларга, кийин Францияда жана Венгрияда өткөн эл аралык таймаштарга катышып келишкен. Жакында онлайн уюштурулган Менделеев олимпиадасынан Нурсултан Соодонбеков күмүш медаль, ал эми Кубанычбек Камил коло медаль алган».

Быйыл июль айынын соңунда 52-жолу уюштурулган ICHO олимпиадасында беш саат ичинде теориялык тогуз маселени чыгаруу тууралуу тапшырма берилген. Эл аралык калыстар тобунун курамына ар бир катышуучу өлкөдөн экиден мугалим кирди.

Бир апта мурда бул окуу жайдын окуучулары Менделеев олимпиадасында да катышып, алдыңкы орундарды ээлешкен.

«International Chemistry Olympiad» олимпиадасы химияны негизги сабак катары тандап алган окуучулар үчүн эң жогорку сынак болуп эсептелет жана анда байгелүү орунду ээлөө дүйнөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларына өтүүгө жол ачат. (RK)

XS
SM
MD
LG