Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Орусия вакцинаны сентябрда чыгара баштайт


Санкт-Петербургдагы лаборатория. 11-июнь, 2020-жыл
Санкт-Петербургдагы лаборатория. 11-июнь, 2020-жыл

Орусияда коронавируска каршы вакцина сентябрда чыгарыла баштайт. Бирок чет өлкөлүк эксперттер бул өлкөнүн вакцинанын үстүнөн иштөө ыргагына күмөн саноо менен карашат.

Анын үстүнө айрым изилдөөчүлөр менен жетекчилер эмдөө качан башталары тууралуу карама-каршы келген билдирүүлөрдү жасашууда. Орусия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда келатат.

Орусиянын өнөр жай министри Денис Мантуров үч компания эмки айда коронавируска каршы вакцинаны чыгара баштарын 3-августта ТАСС агенттигине билдирди. Министрдин айтымында, адегенде айына бир нече миң доза чыгарылып, кийинки жылдын башында бир нече миллионго жеткирилмекчи. Сөз болгон препаратты Гамалея атындагы институт иштеп чыккан.

2-августта Новосибирскиде жайгашкан Вирусология жана биотехнология боюнча мамлекеттик «Вектор» борборунун башкы директору Ринат Максютов коронавируска каршы вакцинаны ноябрда чыгара башташарын «Вести» телепрограммасында айткан.

“Үстүбүздөгү жылдын аягына жакын жана 2021-жылдын башында жок дегенде тобокел тобуна кирген адамдарды эмдөөгө киришип, кийин жапырт вакцинацияга өтөбүз”, - деди окумуштуу.

Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова, Москва 3-февраль 2020-жыл
Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова, Москва 3-февраль 2020-жыл

Ошол эле маалда Максютовдун айткандары вице-премьер-министр Татьяна Голикованын өткөн жумадагы билдирүүсүнөн айырмаланат.

«Дагы бир вакцина «Роспотребнадзордун» «Вектор» мамлекеттик борбору тарабынан иштелип чыкты. Анын биргелешкен клиникалык сыноосу башталды жана сентябрда аяктайт деп күтүлүүдө. Ошол эле айда мамлекеттик каттоодон өтөт деп болжолдоп атабыз. Биринчи партиясын ушул жылдын октябрында чыгаруу пландалууда».

Батыштын күмөн саноосу

Ал эми сырт жактардагы, атап айтканда Европа жана АКШдагы эксперттердин бир тобу орус жетекчилеринин вакцина боюнча билдирүүлөрүнө ишенбестик менен карашат. Мисалы, Кошмо Штаттардын жугуштуу оорулар боюнча башкы адиси Энтони Фаучи 31-июлда Конгрессте сүйлөгөн кезде Орусия жана Кытайда вакциналарды сыноо канчалык туура жүргүзүлүп жатат деген күмөн саноосун ортого салды.

Шектенүүлөргө бир чети Москванын эпидемиянын жайылышын жана бийликтин аны ооздуктоо аракеттеринин айрым өңүттөрүн жаап-жашырганы себеп болгондой.

Анын үстүнө президент Владимир Путин баш болгон жогорку расмий адамдар Орусияны медицина жана илим чөйрөсүндө алдыңкы өлкө катары сүрөттөө үчүн кандай болбосун мүмкүнчүлүктөн пайдаланып келишет.

Вакцинаны сыноого катышкан ыктыярчылар, Москва 15-июль 2020-жыл
Вакцинаны сыноого катышкан ыктыярчылар, Москва 15-июль 2020-жыл

Вакцина табуу иштерин каржылаган Инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев азыркы кырдаалды 1957-жылдагы окуялар менен салыштырып, СССР биринчи спутнигин космоско учурганда америкалыктар абдан таң калган, “азыр да ошондой болот, биз вакцинага биринчи болуп жетебиз”,- деди CNN каналына.

1-августта Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко октябрда кеңири эмдөө башталышы ыктымал деп айтып, көп адамды таң калтырды. Министр мугалимдер менен медкызматкерлерге эмдөө кампаниясында артыкчылык берилерин кошумчалады. Бирок вакцинанын же вакцинация программасынын чоо-жайын айткан жок.

Өткөн аптада "Рейтерс" агенттиги атын атабаган булакка таянып, Орусияда COVID-19дун ыктымал вакцинасы августта өкмөттүн жактыруусунан өтөт деп кабарлаган.

Маалыматка караганда, ал жогоруда сөз болгон «Вектор» борборунун препараты жана Москвада жайгашкан Гамалеа атындагы институт менен Коргоо министрлиги чогуу иштеп жаткан вакцина. Эки мекеменин тең иши же сыноолору тууралуу бышыкталган маалымат аз.

Дүйнө жүзүндө азыркы маалда жүздөн ашык ыктымал вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат. Эң оптимист деген изилдөөчүлөр бул багыттагы тесттер бери дегенде жылдын этегинде гана жыйынтыкталышы мүмкүн деп белгилешет. Демейде андай препараттын калың элге жетиши үчүн жылдар, кээде ондогон жылдар кетет.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус вакцина табылгыча элди бардык керектүү эрежелерди сактоого дагы бир жолу үндөдү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG