Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:28

Кинематография департаменти «Мекен» тасмасы тууралуу түшүндүрмө берди


"Мекен" тасмасында кен казуу тармагындагы жемкорлук ашкереленет.
"Мекен" тасмасында кен казуу тармагындагы жемкорлук ашкереленет.

Кинематография департаменти 3-августта «Мекен» тасмасы тууралуу түшүндүрмө берип, «анын авторлору бир жактуу маалымат таратып, агрессивдүү жарнама өнөктүгүн жүргүзүп жатат» деген көз карашын билдирди.

Департамент тасманы көрүп чыккан мекеме аралык комиссия атайын алар үчүн түзүлбөгөнүн, 2016-жылдан бери кинодо экстремизм, зомбулук, порнография жана кастык сыяктуу терс көрүнүштөрдү жайылтууга бөгөт коюу максатында иштеп келе жатканын маалымдады.

Департамент «Мекен» фильминде «айрым элементтер бар болгондуктан» аны редакциялоо тууралуу сунуш киргизилгенин белгиледи, бирок кайсы элементтер экенин атаган жок.

Мекеме авторлор тасманын бет ачарын 20-мартка деп жарыялашканын, бирок коронавирус эпидемиясына байланыштуу 17-мартта бардык кинотеатрлар убактылуу жабылганын, ал эми 25-мартта карантин киргизилгендиктен мекеме аралык комиссия фильмди июнь айында гана көрө алганын белгиледи. Кийин комиссия өз ыйгарым укуктарын үч адамдан турган редакциялык топко өткөрүп бергенин, кошумча чыгымга учуратчу сунуштар айтылбаганын, 16-июнда көрүп чыкканда ошол сунуштар эске алынбаганы белгилүү болгонун маалымдады.

Департамент «"Мекен" тасмасынын авторлору коррупцияга каршы күрөш тууралуу актуалдуу теманы козгоп жатышат. Жаш кинематографисттердин киноэкран аркылуу коомдун жашоосун жакшыртууга салым кошуу ниети жана алардын мекенчилдиги бизге түшүнүктүү. Биздин өлкөдө чыгармачылык эркиндиги сакталат жана цензура жок» деп кошумчалады.

Мекеме белгилегендей, прокат тууралуу эреже боюнча авторлор арыз менен кайрылууга тийиш, ошондон кийин гана «Кыргызфильмофонд» ишканасы тасманы көрүп чыгып, мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк берет.

«Бирок «Мекен» фильминин авторлору бүгүнкү күнгө чейин тасманы кинотеатрларда көрсөтүүгө прокат күбөлүгүн алууга арыз жазыша элек», деп билдирди департамент.

Кинематография департаментинин бул билдирүүсүнө байланыштуу «Азаттык» тасманын режиссеру Медербек Жалиловго кайрылды. Ал комиссия фильмди бүтө электе текшере баштаганын билдирди:

«Алар бизди арыз жаза электе эле Кино үйүнө чакырышты. «Жогору жактан буйрук түштү. Тасмаңарды көрсөткүлө» дешти. Биз тасмабыз даяр эмес экенин айттык. Адатта тасма даяр болгондо көчүрмөсүн алып барып, прокат күбөлүгүнө уруксат алчубуз. Бирок бизди биз кайрылганга чейин эле ошентип чакыра башташты».

Буга чейинки интервьюсунда Медеров комиссия жергиликтүү жетекчи кен иштеткен чет элдик компаниядан пара алып жаткан жерин кесип салууну талап кылганын, милиционердин образын комедиялык роль аркылуу чагылдырууга каршы чыкканын айткан жана бул талаптарды чектөө катары баалаган.

Кен казуу тармагындагы коррупция тууралуу баяндаган «Мекен» тасмасынын бет ачары «YouTube» каналында 31-июлда болду. Эки күндө аны жарым миллиондон ашуун адам көрдү.

Кен казуу тармагындагы жемкордук Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып жаткан негизги мүшкүл катары 2019-жылдын 6-февралында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланган. Анда жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү жана кен казуу секторундагы айрым ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, айрыкча лицензия-уруксат берүү системасында коррупция терең жайылганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG