Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Дүйнөдө коронавирус жуккандар 18 миллиондон ашты


Филиппин.
Филиппин.

3-августта дүйнөлүк статистика коронавируска чалдыккандар 18 миллион кишиден ашканын көрсөттү. Ал эми коронавирус инфекциясынын кесепетинен көз жумгандар 700 миңге чамалады.

1-августтагы жыйында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) «коронавирус пандемиясы узакка созулчудай» деп билдирип, ага каршы күрөшүп жаткан мамлекеттерде «бул күрөштөн чарчап калуу коркунучу бар» экенин эскерткен.

Буга чейин коронавирустун таралышын ооздуктап калганын билдирген мамлекеттердин айрым аймактарында кайра илдет күчөп жатканы кабарланууда. 2-августта Австралиянын калкы жыш Виктория штатында өзгөчө абал жарыяланып, борбору Мелбурнда коменданттык саат киргизилди.

Иран да бир ай ичинде бир күндүк эң чоң көрсөткүч катталганын билдирди. Расмий маалымат боюнча бул өлкөдө коронавирус жукканы аныкталгандар 307 миңге жетип, дүйнөдө онунчу орунда турат. Биринчи орунда дагы эле АКШ турат, анда коронавирус жукканы аныкталгандар 4,8 миллиона адамга жетти.

Балкан өлкөлөрүндө да абал начарлап жатканы кабарланууда. Косовонун премьер-министри Авдулах Хоти коронавирус жугузуп алганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG