Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Беларуста талапкер Тихановскаянын жолугушуусуна миңдеген адамдар катышууда


Брест шаары.
Брест шаары.

Президенттик шайлоого бир жума калганда президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын шайлоочулар менен жолугушуусу уланып жатат. Учурда камакта отурган белгилүү блогер Сергей Тихановскийдин аялы шайлоо алдында президент Александр Лукашенконун негизги атаандашы катары сыпатталууда.

Тихановская түрдүү шаарлардагы жолугушууларына жүздөгөн, кээде миңдеген адамдар чогулуп жатышат. Аны талапкерликке катталбай калган Виктор Бабарико менен Валерий Цепкалонун аялдары коштоп жүрүшөт. Үч талапкердин штабдары чогуу аракеттенишүүдө. Бабарико учурда тергөө абагында камакта. Цепкало өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Светлана Тихановская шайлоодо утуп чыкса, жарым жылдан кийин бардык талапкерлердин катышуусунда жаңыдан президенттик шайлоо өткөрүүгө убада берүүдө.

Беларустагы президенттик шайлоо 9-августта өтөт. Ага беш талапкер, алардын ичинде азыркы президент Александр Лукашенко да ат салышат.

Лукашенко өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жатат. Ал шайлоо алдында күч органдары жана аскер кызматкерлери менен активдүү жолугушуп жатканы кабарланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG