Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:09

Таласта жетекчинин кеңешчиси катышкан аварияда жабыркаган адам көз жумду


Талас. Иллюстрациялык сүрөт.
Талас. Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусунун жетекчисинин кеңешчиси катышкан автокырсыктан жабыркаган адам ооруканада көз жумду. Бул тууралуу 31-июлда «Азаттыкка» облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Анын айтымында, факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жол кырсыгына шектүү катары өкмөттүн облустагы өкүлүнүн кеңешчиси Марслатбек Шералиев кармалган.

«Бул факт 297-берене («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу») менен катталып, сотко чейинки териштирүүгө алынган. Айдоочу Марслатбек Шералиев мас абалда болгону аныкталган жана ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген», - деди ал.

Милициянын маалыматына караганда, кырсык Таласта 30-июлда болгон. Машине жол боюнда велосипед тээп бараткан 26 жаштагы жигитти сүзгөн. Ал жараат алып, ооруканага жаткырылган.

Шералиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) запастагы подполковниги. Ал облус башчысына кеңешчи болуп 2017-жылы дайындалган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында өлкөдө 4 694 жол кырсыгы катталган. Бул 2018-жылга салыштырганда 12,3% көп.

Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 30-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып, жол кырсыктары кескин азайганын белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG