Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Орус элчилиги: Минскиде кармалгандар - менчик ишкананын кызматкерлери


Дмитрий Мезенцев, Орусиянын Беларустагы элчиси.
Дмитрий Мезенцев, Орусиянын Беларустагы элчиси.

Минскиде кармалган орусиялык жарандар жеке ишкананын кызматкерлери экенин Орусиянын Беларустагы элчиси Дмитрий Мезенцев билдирди. Элчинин сөзү боюнча алар транзит аркылуу Стамбулга коммерциялык келишимге ылайык, «энергетикалык мекеменин коопсуздугун камсыз кылып бериш үчүн» бара жатышкан. Элчи «бул келишим түзүлгөн ишкана Беларуста жайгашкандыктан, алар Минскиге барышканын» айтты. Мезенцевдин сөзүнө караганда, Москва жарандарынын кармалган себебин негиздеп берүүнү жана консулду алар менен көздөштүрүүнү талап кылууда.

29-июлга караган түнү Беларустун атайын кызматы Минскиге жакын жерден «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жалданмалары болушу ыктымал деген 32 адамды кармаган. Өлкөнүн Тергөө комитети алар Беларуста президенттик шайлоонун алдында массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүп жатышкан деп шектенүүдө.

Беларустун президенти Александр Лукашенко бул окуядан кийин Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырып, «Орусиянын ыплас ниети» тууралуу билдирген.

Айрым маалымат каражаттары кармалган жалданмалар Беларус аркылуу Ливияга же Суданга ал жактагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн барганы жаткан болушу ыктымал экенин жазып чыгышты.

Кармалган адамдардын кеминде 18и Украинанын чыгышындагы аскер операцияларына катышканы белгилүү болду.

Буга чейин «Вагнер жеке аскердик уюму» Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» атыккан олигарх Евгений Пригожинге таандык экени, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар чыккан. Бирок Пригожин да, Кремль да мындай аскердик түзүмдөр бар экенин расмий түрдө бышыктаган эмес.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өтөт. Анда азыркы президент Александр Лукашенко кийинки мөөнөткө калууну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG