Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:47

Орусиядан 188 кыргызстандык мекенине кайтып келди


«Авиатраффик» компаниясынын учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
«Авиатраффик» компаниясынын учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

21-июлда «Авиатраффик» компаниясынын чартердик каттамы менен Орусиянын Екатеринбург шаарынан 188 кыргызстандык Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Учуп келгендердин арасында Екатеринбург шаарынан сырткары Челябинск, Тюмен, Сургут, Жаңы Уренгой, Салехард, Кургана, Ноябрьск жана Пермь шаарында иштеген мигранттар да бар. Кайткандардын курамын оорулуулар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, карылар, кош бойлуу жана балалуу аялдар да түзөт.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Орусиянын Урал федералдык округундагы шаарлардагы жана аймактардагы кыргыз диаспоралардын жана кайрылган адамдардын кайрылуусунун негизинде түзүлгөн. Мындан сырткары «Авиатраффик» компаниясынан мурдараак билет сатып алып, пандемиядан улам уча албай калгандар адамдар да тизмеге кирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери 60ка жакын чет өлкөдөн келе албай жаткан 25 миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайтып келди. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан кайтып келгендер. (ErN)

XS
SM
MD
LG