Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:04

Мирзиёев коронавируска каршы күрөшүүдөгү иштерди сынга алды


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев пандемияны ооздуктоо үчүн жер-жерлерде ырааттуу иш жүргүзүлбөй жатканын видеоселектордук жыйында сынга алды.

Өлкөдөгү абалга байланыштуу өткөн онлайн жолугушууда Мирзиёев алгачкы медициналык жардам берүү борборлору, башкача айтканда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору күнү-түнү иштөө режимине өтпөгөнүн белгиледи. Президент билдиргендей, Ташкент шаарындагы бейткапканаларда 50дөн 200гө чейин киши иштейт, бирок алар бейтаптарды күндүн биринчи жарымына чейин гана кабыл алып жатышат.

Ал ар бир клиникада үч дарыгерден турган мобилдүү топ иштеши керек экенин, алар COVID-19 вирусунун белгилери байкалбаган жана илдетти жеңил түрдө өткөрүп жаткан бейтаптарга кеңеш берүү зарылдыгын белгиледи. Президенттин айтымында, дээрлик бардык клиникаларда рентген бөлмөлөрү бар, бирок көбү колдонулбай турат.

"Эгер бул клиникалар калкка эффективдүү кызмат көрсөтсө, 103 тез жардам кызматына күч келбей, калк арасындагы дүрбөлөңдү жоюуга болот", - деди Мирзиёев.

Жыйында Ташкенттеги 75 бейтапканага калкка күнү-түнү кызмат көрсөтүүгө тапшырма берилди.

Расмий маалымат боюнча Өзбекстанда 16752 кишиден коронавирус табылды, анын ичинен 9279у сакайып чыккан. Ал эми коронавирус илдетинен кийин 87 киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG