Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:47

"Е1" басылмасы: Екатеринбургда кыргыз-тажик жарандары эки күндөн бери мушташып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиядагы "Е1" басылмасы Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары Екатеринбургда эки күн катары менен калайман мушташка катышканын жазды. Ушул тушта эки өлкөнүн диаспоралары жолугуп, жаңжалды талкуулаганы жатат.

Тажик диаспорасынын башчысы Фарух Мирзоев "Биздин маалыматыбыз боюнча мушташка катышкандар өспүрүмдөр, 17-18 жаштагы тажик, кыргыз улутундагы балдар. Биз азырынча мушташка кимдер катышканын айта албайбыз, окуя болгон жерге барганда баары качып кетишти. Мушташ кечээ 21.30да дагы кайталанды", деп билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, жекшемби күнкү мушташка 200гө чукул адам катышкан.

Окуя болгон жерге полиция барганда жаңжалдашкандар качып кетишкен жана мында эч ким кармалган эмес. Мирзоев болоор-болбос нерседен чыккан чатак улуттар аралык жаңжалга айланып кетиши ыктымал деген кооптонуусун билдирди жана эки өлкөнүн диаспора жетекчилери абал тууралуу жолугуп талкуулаганы жатканын айтты.

"Эртең жолугабыз. Биз боордош элбиз, жаңжал жакшылыкка алып келбейт", - деди Мирзоев.

Чыр эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз. Соңку окуяга байланыштуу шаардагы кыргыз диаспорасы менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат бере элек.

Орусияда иштеп жүргөн Борбор Азиядан барган мигранттар арасында жаңжал, мушташ буга чейин да катталган.

XS
SM
MD
LG