Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:58

Боронов: Ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек киргизүүнү тапшырды


Бишкектеги ооруканаларды бири.
Бишкектеги ооруканаларды бири.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында медициналык мекемелерге борборлоштурулган кычкылтек киргизүү иштерин тез арада жүзөгө ашыруу зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу кабарды өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү таратты.

«Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги борборлоштурулган кычкылтек киргизүү үчүн өлкө аймагындагы ооруканаларга ревизия жасап, схемасын түзүү керек. Ушундай эле иштерди Бишкек шаардык мэриясы да жүргүзүүсү зарыл. Өзгөчө реанимациялык бөлүм ачылган медициналык мекемелерге тез арада кычкылтек киргизүү зарыл».

Кубатбек Боронов ооруканаларды жана стационарларды кычкылтек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Жалал-Абад облусундагы «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсынын өндүрүш көлөмүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасы берген.

Буга чейин эле активисттер Кыргызстандагы ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек киргизүүнү баштаган.

Кыргызстанда 18-июлга карата коронавирус жана пневмонияга чалдыккан 1264 адам катталды. Акыркы суткада илдет жуккан 73 адам көз жумду. Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, жалпы COVID-19 вирусуна жана пневмонияга кабылгандардын саны өлкөдө ушуну менен 25 миңден ашты.

Ал эми өкмөт 19-июлга карата ооругандар жана өлгөндөр тууралуу маалымат бере элек. Бул Кыргызстанда COVID-19 илдети катталгандан бери биринчи жолу маалыматтын эң узакка кечигип жатышы болууда.

Өлкөдөгү ооруканаларда орун, дарыканаларда дары жетишсиздигине элдин нааразылыгы дагы деле уланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG