Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Коронавирустан бир суткада эки дарыгер кайтыш болду


Шайназар Закиров.
Шайназар Закиров.

Кыргызстанда бир суткада коронавирустан эки медицина кызматкери кайтыш болду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 17-июлда Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын инфекционист дарыгери Шайназар Закиров 53 жашында көз жумду.

Закиров 1966-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айылында туулган. Мамлекеттик медицина академиясын аяктагандан кийин балдардын жугуштуу оорулар кафедрасында, кийин 1996-жылы Кара-Суу райондук ооруканасында педиатр болуп иштеп, 2012-жылдан бери Бишкектеги инфекциялык ооруканада эмгектене баштаган.

Быйыл март айында Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен өлкөнүн түштүк аймагына коронавируска каршы күрөш үчүн жөнөтүлгөн.

Июнь айынан тартып Бишкекке которулуп, кыргыз-түрк ооруканасында инфекционист-дарыгер болуп иштеп жаткан.

Министрликтин маалыматында, Закиров кесиптештери арасында сый-урматка жана кадыр-баркка ээ, качан болбосун жардам берүүгө даяр кесипкөй адис болгону айтылды.

16-июлда 65 жашында Ош облус аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Темиркан Жарматова каза болгон. Саламаттык сактоо министрлиги анын өлүмүнө да коронавирус себеп экенин билдирди.

Темиркан Жарматова президент Сооронбай Жээнбеков менен түшкөн архивдик сүрөт.
Темиркан Жарматова президент Сооронбай Жээнбеков менен түшкөн архивдик сүрөт.

Жарматова 1955-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында туулган. Мамлекеттик медициналык академияны 1979-жылы артыкчылык менен аяктап, Ош облустук ооруканасында нефро-гематолог кызматында 1980-1994-жылдары эмгектенген. 1994-жылы мекеменин директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары болуп дайындалган.

Министрлик Жарматованын аракети менен ооруканада эндовидеохирургия, гемодиализ, кардиохирургия бөлүмдөрү ачылганын, анын эмгегин мамлекет татыктуу баалап, бир катар сыйлыктар ыйгарылганын билдирди. Ал адамкерчилиги, кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу, эмгекчилдиги, тазалыгы менен кесиптештерине өрнөк болгонун белгиледи.

17-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2 миңден ашты. Каза болгондордун саны, бейрасмий эсеп боюнча, жыйырмадан көп. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин расмий эсебинде кайтыш болгондордун саны буга чейин жогорудагы эки дарыгерден тышкары алтоо болчу.

Дарыгерлер жетишсиз болуп жаткандыктан, премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар бардык кыргызстандыктарга кайрылган жана эмгек өргүүсүндө жүргөндөрдү ишке чыгууга чакырган.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек. "Азаттыктын" бүгүнкү күнгө чейин канча дарыгерге канча сом төлөнүп берилгени тууралуу суроосуна Каржы министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги жооп бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG