Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:09

Жол кырсыктарынан акыркы алты күндө 11 адамдын өмүрү кыйылды


ИИМдин жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.
ИИМдин жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Тоң районунда 30-июндагы жол кырсыгынан эки адам каза болуп, эки киши жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын Кум-Дөбө тилкесинде УАЗ үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен.

30-июнда Бишкектен Манас аэропортуна бараткан жолдо «Ауди» автоунаасы жол жээгиндеги велосипедчен эки адамды коюп кеткен. Натыйжада экөө тең каза болгон. Автоунаанын айдоочусу милициянын убактылуу камоочу жайына камалган. Бул иш боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

27-июнда Бишкек-Ош автожолундагы Сосновка автожолундагы кырсыкта алты адамдын өмүрү кыйылганы, 26-июнда Чолпон-Ата - Каракол каттамында катуу ылдамдыкта бараткан 18 жаштагы айдоочу бакка урунуп, каза болгону мурда кабарланган.

26-июнда Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгында жабыркаган белгилүү ырчы Асел Кадырбекова Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер анын эсине келе элек экенин айтышууда. Ырчы айдап бараткан «Тойота Камри 50» үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн «Патруль» ыкчам аракеттенүү тобунун автоунаасынын айдоочусун сот бир айга камоону чечти. Айдоочу ооруканада.

ИИМ акыркы кездердеги жол кырсыктарынын так эсеби жана себептери тууралуу маалымат тарата элек.

«Коопсуз шаар» долбоору былтыр февраль айында ишке кирген.

Адистер бул долбоор ишке киргенден кийин жол кырсыктары азайганын белгилешкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG