Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Каратаев: Дары-дармек жетиштүү, дүрбөлөң болуунун кереги жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ооруканаларда дары-дармек жетиштүү, дүрбөлөң болуунун кереги жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 30-июнда онлайн брифингде билдирди:

“Акыркы эки күндө “Дары кымбаттайт экен, жетишпейт экен” деген дүрбөлөң сөздөр болуп жатат. Бул туура эмес. Ооруканаларда дары-дармектин запасы бар. Чоң фармацевтикалык компаниялар бизге берген маалыматка караганда, бүгүнкү күндө аларда да дары-дармек жетиштүү”.

Ошону менен катар Каратаев Саламаттык сактоо министрлигине монополияга каршы мекеме менен бирге дары-дармектин баасын негизсиз кымбаттатып сатууга каршы иш жүргүзүү тапшырмасы берилгенин кошумчалады.

Соңку күндөрү дарыканага кезек күткөндөр көбөйүп, негизинен вируска каршы дарылар жок болуп жатканын социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жазып жатышат.

Соңку күндөрү өлкөдө коронавирус боюнча абал курчуп турат. 30-июнда бул илдеттен бир күндө кайтыш болгон жети бейтап катталды. Буга чейин өлүм көрсөткүчү суткасына 1-3 адам болуп жаткан.

Жалпысынан 18-марттан 30-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5296 адамдан табылды, алардын ичинен 57 бейтап кайтыш болду, 2370 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG