Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:21

Боронов: Коомчулукта парламенттик шайлоого байланыштуу тынчсыздануу бар


Өкмөт жыйыны. 2020-жыл. 18-июнь.
Өкмөт жыйыны. 2020-жыл. 18-июнь.

Өкмөт парламенттик шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыздоого тийиш. Мындай пикирин премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн 18-июнда өткөн жыйынында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөт башчы тиешелүү органдар алдыдагы саясий процесстерге жакшы даярдык көрүшү керек экенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө парламенттик шайлоону өткөрүүгө байланыштуу маселелер коомчулукту тынчсыздандырууда. Өкмөт Жогорку Кеңешке шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыздоого тийиш. Бардык маселелерди өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылуу мезгилинде жарандардын коопсуздугун эске алуу менен так иштеп чыгуу маанилүү», - деди Боронов.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында жаңы келе турган өкмөттү өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн эмес, шайлоодо бийликчил саясий күчтөр үчүн иштейт деп сындаган.

“Бул өкмөттөн жакшылык, өзгөрүү, адилеттүүлүк күтүүгө болбойт. Анткени, бул өкмөт шайлоого иштөө үчүн келе жатат. Батырбеков “Кыргызстан” партиясы үчүн иштейт. Боронов “Биримдик” партиясына иштейт. Булар ушундай миссия менен келе жатат”.

Жогорку Кеңеш 18-июндагы сессиясында «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карап, добуш берүүгө жиберди. Долбоорго ылайык, парламенттик шайлоонун босогосу тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүлүшү керек. Шайлоо күрөөсү 5 миллион сом бойдон калат.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

Парламенттин 18-июндагы жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов парламенттик жана жергиликтүү шайлоону чогуу өткөрүүнү сунуш кылды. Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. (TSh)

XS
SM
MD
LG