Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Трамп Кытайда уйгурларды кысымга алгандарга санкция киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду


АКШ президенти Дональд Трамп шаршембиде Кытайдын Шинжаңдагы уйгур автономиялуу аймагында мусулмандарды куугунтуктаганы үчүн жогорку кызматтагы адамдарга санкция салууга жол ачкан мыйзам долбооруна кол койду. Буга чейин мыйзамды Конгресс жактырган болчу.

Документ “Уйгурларга карата адам укугу саясаты жөнүндө мыйзам” деп аталат. Трамптын билдирүүсүндө Кытай бийлиги адам укуктарын бузуп, уйгурларды атайын лагерлерге жайгаштырып, алардын улуттук жана диний ынанымдарын өзгөртүүгө мажбурлаганы айтылат.

Мыйзамга ылайык, америкалык атайын кызматтар жана мамдепартамент Конгресске Кытайдагы уйгурлардын абалы тууралуу ырааттуу маалымат берип турушу керек. Президент 120 күндүн ичинде санкция салына турган кытай чиновниктеринин аты-жөнү жарыяланарын айтты. Документте Кытай Компартиясынын Шижаңдагы лидери Чень Квангуонун ысымы түздөн-түз аталган.

Былтыр иштелип чыккан мыйзам долбоорун кабыл алуу коронавирус пандемиясына байланыштуу АКШ менен Кытайдын мамилеси курчуп кеткен маалга туш келди.

Бириккен Улуттар Уюму жана бир катар укук коргоо уюмдары Бээжин Шинжаң районундагы жүз миңдеген уйгурларды, казактарды жана кыргыздарды саясий тарбия берүүчү лагерлерде негизсиз кармап турганын билдирип келишет. Кытай дооматтарды четке кагып, бул жайларды кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп жүрөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG