Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:27

COVID-19: вирус 87 адамдан жаңы аныкталды, бул пандемия маалындагы чоң көрсөткүч болду


Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 87 адамдан жаңы аныкталды. Бул тууралуу 15-июнда саламаттыктык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди. Бул Кыргызстанда коронавирус алгач катталгандан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Алардын көбү Бишкек шаарында катталды:

Бишкек шаары – 48

Ош шаары - 18

Чүй облусу – 11

Ош облусу – 5

Жалал-Абад облусу - 3

Ысык-Көл облусу - 2

Брифингдеги маалымат боюнча коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 22 бейтап айыгып, 15-июнда үйүнө чыкты. Алардын 13ү Нарындан, 7 киши Бишкек шаарынан, бирөө Чүй облусунан, бирөө Ош облусунан.

18-марттан 14-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2372 адамдан табылды, алардын ичинен 27 бейтап кайтыш болду, 1813 бейтап айыкты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG