Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Өкмөттө Сузакта кордолгон аялдын маселеси талкууланды


Сузактагы кордук көргөн аялдын окуясынан кийин Татьяна Зеленская тарткан сүрөт.
Сузактагы кордук көргөн аялдын окуясынан кийин Татьяна Зеленская тарткан сүрөт.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басмө сөз кызматы маалымдады.

Кезексиз жыйын Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу болду. Видео конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова аялдар зомбулукка кабылган учурлар токтобой жатканын белгиледи.

«Бүгүн биз Сузак районунун Бек-Абад айылында орун алган үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу ыкчам чогулуп отурабыз. Коомубуздагы зомбулук фактылары боюнча статистика кооптуу, балдар, аялдар жана эркектер да зомбулуктан жабыркаган учурлар катталууда. Адамдын негизги укугу – жашоого, кол тийбестикке, урмат-сыйга жана ар-намыска, мыйзам алдында тең укуктуулукка карата болгон укугу», - деди Исмаилова.

Жыйында айтылган маалыматка караганда, үй-бүлөлүк зомбулук 65% өскөн. 2013-жылы - 2339, 2018-жылы – 7178, 2020-жылдын акыркы 3 айында 2319 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Муну өкмөт аргасыз обочолонуу жана үй-бүлөдөгү экономикалык абалдын начарлашы менен байланыштырат.

Жыйында вице-премьер-министр өкмөт зомбулуктун курмандыктарына жардам көрсөтүү, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жумуштарды күчөтөөрүн билдирди. Ал Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш гендердик саясат жаатында таасирдүү аянтча болушу керек экенин белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик орган жетекчилерине, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, укук коргоо орган жетекчилерине аялдарды жана балдарды зомбулуктун бардык түрүнөн коргоого багытталган мыйзам ченемдеринин кынтыксыз аткарылышын камсыздоо тапшырылды. Сузак районунун жетекчилеринин ишиндеги кемчиликтери айтылды.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялына зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы адам 13-июнда 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камалды.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган кишинин окуясы коомчулукта катуу сынга кабылып, Интернет колдонуучулар камакка алынган адамдын катуу жазаланышын талап кылышууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG