Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Сузакта аялына зомбулук көрсөткөн киши 15 күнгө камалды


Видеодон алынган кадр.
Видеодон алынган кадр.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялына зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы адам 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камалды.

Мындай чечимди Сузак райондук соту 13-июнда чыгарганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев билдирди.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган.

Облустук милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган кишинин окуясы коомчулукта катуу сынга кабылып, Интернет колдонуучулар камакка алынган адамдын жазаланышын талап кылышууда.

Бул боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран да комментарий берип «Мындай аянычтуу учурлар бийликтин көңүл борборунда болушу керек. БУУнун Кыргызстандагы Аялдар түзүмү соңку учурда аялдарга карата зордук-зомбулуктун саны өсүп жатканына абдан тынчсызданып жатат», - деди. (AiA/BTo)

XS
SM
MD
LG