Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

"Онлайн университет" тынчтык орнотуудагы аялдардын ролун талкуулайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Онлайн университет” платформасы 13-июнда “Тынчтыкты орнотуу үй-бүлөдөн башталат” деген темада вебинар өткөрөт. Платформанын Балдар жана ата-эне лабораториясында изилдөөчү Аксана Исмаилбекова Кыргызстандын түштүгүндө аялдар 2010-жылдагы Июнь окуясынан кийин тынчтыкты орнотууга кандайча салым кошуп жатканы тууралуу айтып берет.

Исмаилбекова 2016-жылы этнографиялык изилдөө жүргүзүп, Ош шаарында жаңжалдан кийин тынчтык курууда аялдардын ролу кандай болгону жөнүндө макала даярдаган. Анда аялдардын көрүнбөгөн ишин жана угулбаган үнүн коомго жеткирүү аракети жасалган.

Вебинардын уюштуруучуларынын айтымында, Борбор Азияда жана айрыкча Кыргызстанда бул темада бир топ изилдөөлөр жүргүзүлгөн, бирок аларда эркектердин мамлекеттик же эл аралык масштабдагы ролуна көңүл бурулуп, аялдардын салымы көз жаздымда калган.

Исмаилбекова – Германиядагы Лейбниц Чыгыш таануу борборунун илимий изилдөөчүсү, Берлиндеги Мартин Лютер университетинде антропология боюнча сабак берет. Социалдык изилдөө боюнча PhD даражасын 2006-жылы Улуу Британиядагы Эдинбург университетинен жактаган.

«Онлайн университет» платформасынын курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген кыргызстандык мекендештерден жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдордон турат. (RK)

XS
SM
MD
LG