Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:26

Депутат Акматов жайыт талаш боюнча комиссия түзүү демилгесин парламентте көтөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 11-майдагы жалпы сессиясында депутат Алмазбек Акматов жайыт талаш боюнча мамлекеттик комиссия түзүүнү сунуш кылды:

"Жайыт талаштын айынан эл митингге чыгып, жол тосууга чейин барып жатышат. Ар кандай чет элдик компаниялар жайыттарды талкалап, кайра калыбына келтиришкен эмес".

5-6-июнда Нарын облусундагы Нарын районунун Жерге Тал айыл өкмөтү жана Кочкор Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн малчылары жайыт талаштын айынан жолду тосушкан. Алардын чыры жакалашып, урушканга чейин жеткен. Аймакта жайыт талашка эки жылдан бери чекит коюла элек

Адистердин билдиргенине караганда Кыргызстанда акыркы он жылда жайыт аянты 167 миң гектарга азайды. Жайыт аянттарынын азайышын адистер турак жай курулуштарынын көбөйүшү, кен иштетүү ишмердигинин кеңейиши, малдын санынын өсүшү өңдүү себептер менен түшүндүрүп жатышат.

2019-жылкы маалымат боюнча Кыргызстанда жалпы жайыт аянты 9 млн. 7504 гектарды түзөт. (NT)

XS
SM
MD
LG