Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Жорж Флойддун сөөгү Хьюстондо жерге берилди


Жорж Флойд менен коштошуу зыйнаты.
Жорж Флойд менен коштошуу зыйнаты.

АКШда полиция кармагандан көп өтпөй каза тапкан афро-америкалык Жорж Флойддун сөөгү 9-июнда төрт саатка созулган коштошуу зыйнатынан кийин Хьюстон шаарында жерге берилди. Зыйнатка Флойддун үй-бүлөсүнөн тышкары бир катар саясатчылар жана дин ишмерлери катышты.

"Кудай четте калган ташты алып, аны бүтүндөй дүйнөнү өзгөртө турган кыймылдын өзөк ташына айлантты”, - деп билдирди белгилүү диниятчы, укук коргоочу Эл Шарптон.

46 жаштагы Жорж Флойд 25-майда жасалма акча колдонду деген шек менен кармалгандан көп өтпөй каза тапкан. Интернетке тараган видеолордон полициячылар куралы жок Флойдду жерге жаткырып алып, анын мойнун тизеси менен бир нече мүнөт ныгыра басып турганын көрүүгө болот. Флойд дем жетпей атканын улам кайталайт.

Анын өлүмү АКШ баштаган дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө расалык теңсиздикке жана полициянын зомбулугуна каршы нааразылык акцияларына себеп болду. Кошмо Штаттардын бир катар шаарларындагы акциялар башаламандык жана кагылышуулар менен коштолду.

XS
SM
MD
LG