Баш калаа Вашингтондо 25-майдан берки эң ири демонстрация өттү. Миңдеген адамдар шаар борборуна ар кандай ураандарды чакырып жүрүш жасашты. Ири акциялар Нью-Йорк, Филадельфия, Сиэтл, Чикаго жана Лос-Анжелес шаарларында да уюштурулду.
Бул президент Дональд Трамп мамлекет башына келгенден берки эң ири нааразычылык акциясы болуп калды.
Кошмо Штаттарда демонстрациялардын уланып жатканына 12 күн болду. Алардын башталышына ынды кара Жорж Флойддун өлүмү түрткү болду.
Миннеаполистеги полиция кызматкери Жорж Флойдду асфальтка бети менен жаткырып, моюнун тизеси менен ныгыра басып муунтуп жатканы тартылган видео социалдык тармактарга тездик менен жайылып кеткен. Аны ошол жердеги окуяга күбө болгондордун бири тарткан.
Видеодо 20 долларлык жасалма акчаны колдонгон деген шек менен кармалган Флойд полициячыга бир нече жолу деми кыстыгып жатканын айткан. Ага карабай тартип коргоочу Флойдду муунта берген. Афроамерикалык жаран ооруканага жетпей көз жумду. Анын кармалышына тиешеси бар төрт полиция кызматкери, анын ичинде муунткан тартип коргоочу да камалды.
Бул окуя элдин кыжырын келтирип, өлкөнүн 140тай шаарында каршылык акциялары өттү. Айрым жерде зомбулук жана талап-тоноо менен коштолду. Мындан улам кээ бир шаарларга бийлик Улуттук гвардиянын аскерлерин киргизген.
Афроамерикалыктар тартип коргоо органдарынын аларга жасаган адилетсиз мамилесине, анын ичинде түсүнө, улутуна, динине же жынысына байланыштуу кармаганына нааразы болуп келишет.
Афроамерикалыктар Кошмо Штаттардын калкынын 13% түзөт. Ал эми камалгандар арасында алардын саны 60% чамалайт. Ошондой эле ак түстүүлөргө караганда, алардын полициянын колунан өлүү тобокелдиги жогору.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.