Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:28

Ош мамлекеттик университети 80 жылдык мааракесин онлайн белгиледи


Ош мамлекеттик университети.
Ош мамлекеттик университети.

Ош мамлекеттик университетин 80 жылдык мааракесине байланыштуу билим берүү жана илим министри, ушул окуу жайынын мурдагы ректору Каныбек Исаков, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар ассоциациясынын президенти Абдылда Мусаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттукташты. Мааракени уюштуруу комитетинин төрагасы Эрлан Камаловдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, мындан тышкары университет кызматташкан эл аралык, жергиликтүү жана башка окуу жайларынан, мурдагы бүтүрүүчүлөрдөн кагаз жүзүндө, электрондук жана видео түрүндө куттуктоолор Интернет аркылуу келип түштү.

ОшМУнун 80 жылдык мааракесине карата атайын илимий-техникалык конференция уюштурулган. Андан тышкары жалпы Кыргызстандагы өнөр адамдары, ОшМУнун таланттарынын катышуусунда «Кутман курагың кут болсун, ОшМУ» деген аталышта онлайн концерт тартууланат.

Ош мамлекеттик университетинин тарыхы 1939-жылы ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат. Ал институт 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту болуп түзүлгөн. 1992-жылы Ош мамлекеттик университети болгон.

ОшМУнун карамагында эки институт, 19 факультет бар. Университет мындан тышкары төрт орто кесиптик билим берүүчү коллежге, эки академияга, 132 кафедрага, эки окуу борборуна жана башка түрдүү борборлор менен спорт комплекстерге ээ. (ZKo)

XS
SM
MD
LG