Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Депутат Жээнбеков: Партия түзбөйм жана жетектебейм


Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков «Азия Ньюс» гезитиндеги маегинде «партия түзбөйм жана эч кандай партияны жетектебейм» деп билдирген. Депутаттын маегин «Мedia Сenter» деп аталган сайт жарыялады. Жээнбеков журналисттин: «Шайлоого катышасызбы? Эгер катышсаңыз кайсы партия менен барасыз?» деген суроосуна мындай жооп берген:

«Асылбек Жээнбеков жаңы партия түзүп жатыптыр. Аны жетектеп парламенттик шайлоого катышат экен» деген сөз тараптыр. Ушул жерден так кесе белгилеп кетейин: партия түзбөйм жана эч кандай партияны жетектебейм!»

Депутат келерки парламенттик шайлоого катышып-катышпасын ачык айткан эмес.

Буга чейин «бийликке ыктаган партиялардын бирин президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков баштап барат экен» деген божомол социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууланган. Президент Сооронбай Жээнбеков декабрдагы басма сөз жыйынында бир тууганы Асылбек Жээнбеков шайлоого катышар-катышпасы тууралуу журналисттин суроосуна «өзү чечет» деп жооп берген.

Асылбек Жээнбеков 2007-2019-жылдары Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык (КСДП) саясий партиясынын, саясий кеңешинин мүчөсү болгон. Жогорку Кеңештин төртүнчү жана бешинчи чакырылышынын депутаты. 2011-2016-жылдары парламент төрагасы болуп туруп, агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгондо кызматын өткөрүп берген.

КСДПнын катарынан 2019-жылдын апрелинде чыгып, аны партиянын ичиндеги интригаларга аралашпоо максаты менен түшүндүргөн. 2018-жылы «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылы түзүлүп, анын лидери Сагынбек Абдырахманов башкаруучу партиянын фракциясындагы айрым депутаттардан колдоо тапканын билдирип чыккан. Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөлөрү «партияны тартып алууга аракет кылууда» деп расмий бийликти айыптаган.

Башкаруучу партиянын ыдыроо жараяны мурдагы жана жаңы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы саясий күрөш жүрүп жаткан учурга туш келген. (TSh)

XS
SM
MD
LG