Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Депутат Иманалиев өкмөттү кескин сынга алды (видео)


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

13-майда парламентте «Ата Мекен» фракциясынын атынан сөз сүйлөгөн депутат Каныбек Иманалиев өкмөттүн 2019-жылдагы ишин кескин сынга алды. Иманалиев Кыргызстанга эл аралык уюмдардын төмөн баа бергенин белгилеп, коңшу мамлекеттердин экономикалык өсүшү менен салыштырып, мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн арасында өнүгүү боюнча Кыргызстан акыркы орунда турганын эске салды. Ал ошондой эле коррупция тыйылбаганын, аткезчиликтен казына миллиондогон каражаттан куру калганын айтты.

«СССРдин алкагында алтын чыгаруу боюнча үчүнчү орунда турабыз. Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан. Бирок, ички дүң өнүмдүн өсүшү боюнча 14-орундабыз. Сүйүнүп атабыз, «былтыр Кумтөр 2 млн. доллар дивиденд берди» деп. Ал - 32 килограмм алтындын акчасы. 26 тонна алтын алдык, мурдагы алтынды эсептебегенде 7 тонна алтындын баасы 364 млн. доллар. Ал статистиканы көбөйткөнү менен элдин чөнтөгүндөгү акчаны көбөйткөн жок. Айтып жатасыздар, «экономикада 4,5% өсүш бар» деп. Экономисттер билет, Бишкек-Ош жолунун салынышы 3%, Кумтөр 3% өсүш берет. 6% өсүш деп айтпаса керек. Кумтөрдү алып салгандан кийин 0,1 % өсүш болду. Бул ар бир кыргызстандыктын бир жылдык кирешеси 80 сомго көбөйдү деген сөз. Ушул өсүшпү?», - деди Иманалиев.

Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жооп берип, депутаттын айткандарына кошулбай турганын билдирди. Өкмөт башчы экономикада реалдуу өсүш байкалганын белгилеп, эл аралык рейтингдеги Кыргызстандын көрсөткүчү жогорулаганын, инвестиция, экспорт сыяктуу бир топ тармактарда жылыш бар экенин айтты.

Абылгазиев жыйындын башында кыскача отчёт берип, 2019-жылы эл аралык макулдашуулардын негизинде Кыргызстанга 550 млн. АКШ доллары келип түшкөнүн, анын 260 млн. доллары гранттык каражаттар экенин билдирген. Ошондой эле 2019-жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү 4,5% арбыганын белгилеген.

«Тышкы инвестициянын көлөмү 876 млн. АКШ долларын, өсүш 2,9% түздү. Анын ичинен Кыргызстанга Кытайдан, Канададан, Британиядан, Түркиядан, Орусиядан, Казакстандан инвестиция тартылган. Алардын көпчүлүгү тоо-кен өнөр-жайына, автоунаа жолдорун курууга, айыл чарбасына багытталган. Экспорт менен импортто да оң баланс сакталды. Экспорттун көлөмүнүн өсүшү 7% болуп, Кытайга, Иранга, Казакстан менен Орусияга азык-түлүк жөнөтө баштадык», - деди өкмөт башчы.

2019-жылы 77 миң жумушчу орду түзүлүп, анын 14 миңи туруктуу иш орду экенин айткан Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде 29 долбоор ишке ашырылып, 341 ишкана түзүлгөнүн кошумчалады. Ал эми былтыр 800 чакырым жол оңдолуп, анын 423 чакырымына асфальт төшөлгөн.

13-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө токтомду көпчүлүк добуш менен кабыл алды. 96 депутат «макул», беш депутат «каршы» добуш берди.

XS
SM
MD
LG