Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Түрк министри коронавирустун дарысын сатууга уруксат берилгенин жазды


Түрк медицина кызматкерлери.
Түрк медицина кызматкерлери.

Түркияда коронавирустун дарысын сатууга уруксат берилди. Бул тууралуу маалымат министри Фахреттин Алтун «Твиттер» баракчасына жазды, бирок кандай дары экени так айтылган эмес.

«COVID-19 илдетин дарылаш үчүн жергиликтүү фармацевтикалык фирма тарабынан дары иштелип чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык препараттар агенттиги бул дарынын өндүрүшүнө ыкчам уруксат берип, дарыканаларда сатууга уруксат берилди»,- деди министр.

Майдын башында дүйнө лидерлери коронавируска каршы вакцина даярдоого жана бул ооруну дарылоого байланыштуу изилдөө иштерин каржылоого 8 миллиардан ашык доллар бөлүп берүү тууралуу макулдашты. Бирок анык бир дары тууралуу так чечим кабыл алына элек.

Түркия 11-майдан тартып карантиндик чектөөлөрдүн айрымдарын алууга даярданууда. Президент Режеп Тайып Эрдоган биринчи баскычта чач тарачтар, сулуулук салондору жана соода түйүндөрү ачыларын билдирди.

Түркия - коронавирус пандемиясынан катуу жабыркап жаткан он өлкөнүн бири. COVID-19 илдетине чалдыккандар 10-майга карата 137 миң адамдан ашты. Каза болгондор - 3739 киши. Ал эми 90 миңге жакын киши сакайып чыккан.

30 миңдей кыргызстандык Стамбул, Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенет жана окуйт. (ElB)

XS
SM
MD
LG