Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:22

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен 8-май күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында болгон атышуу тууралуу сүйлөштү.

Тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулап, абалды жөнгө салыш үчүн биргелешкен аракеттер зарыл экенин белгилешти.

Министрлер аймактагы чыңалууну жоюу жана кырдаалдын андан ары курчушуна жол бербеш үчүн жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын белгилешти.

Ошондой эле тараптар кырдаалды турукташтырыш үчүн байланышта болууну макулдашты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

8-майда саат 18:00 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Чек жерлигинде, кыргыз-тажик чек арасында ок атылган.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар ортосунда Чектеги тактала элек 50 сотых жерди талашып чыр-чатак орун алган» деп билдирди.

Мекеме тараткан маалыматта: «Бул аталган жер такталбаган аймакта болуп, бирок бул жерди кыргыз тарап пайдаланып келген. Кыргызстан тараптан 30-40тай жаран, Тажикстандан 30-40тай жаран бири-бирине таш ыргытып, алдын-ала алынган маалыматтарга караганда Кыргызстандын бир жараны башынан жаракат алды. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атылды. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетишинин алдын алуу максатында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Ошол убакта кырдаал бир аз убакытка тынчый түшкөн. Буга чейин эки өлкөнүн чектеш аймакта жайгашкан жергиликтүү жашоочулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок ошол эле учурда Тажикистандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттон атышкан» деп айтылды.

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, төрт кыргызстандык жарадар болду, алардын абалы азыр орточо оор деп мүнөздөлүүдө.

Тажикстандын Чек ара кызматы 8-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяга Кыргызстандын жарандары себепкер деп эсептейт.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин басма сөз кызматы: «8-майда саат 18:00дө Исфара районунун Чоркух жамаатынын Кумазор районунда чек ара чыры болду. Чырдын себеби – Тажикстандын мыйзамдарына ылайык Тажикстанга таандык төрт гектар жерди Кыргызстандын жарандары өз алдынча ээлеп алган. Кыргызстандын чек арачылары чырдын алдын алуунун ордуна Тажикстандын куралсыз жай тургундарына ок атып, чагымчыл роль ойногон. Эки тарап көргөн чаралардан кийин чырдын өрчүшүнө жол берилген жок», деп билдирүү таратты.

Тажик тараптан эки жаран оор жарадар болгону кабарланды. (ZKo/JsA/SA)

XS
SM
MD
LG