Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Аралыктан окутуу системасы кошумча сабак катары киргизилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы окуу жылынан тартып аралыктан окутуу системасын мектептерде кошумча билим катары киргизүү максаты коюлуп жатканын билдирди. Министр бул тууралуу 27-апрелде шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен өткөргөн онлайн жыйын учурунда айтты.

«Жаңы окуу жылынан тартып дистанттык окутууну окуучуларыбызга кошумча билим булагы катары киргизүүнү пландап жатабыз. Каалаган окуучулар мектептеги сабагынан кийин, ар бир багыт боюнча видео сабактарды көрүүгө, билим берүү порталдарындагы окуу материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүктөр ачылат. ЖРТга, PISAга даярдоо боюнча мугалимдер жана окуучулар үчүн онлайн сабактарды сунуш кылабыз. Көп тилдүүлүк, IT технология жана башка түрдүү предметтер жөнүндө тереңдетип үйрөтүүчү онлайн-курстарды иштеп чыгабыз деген максатыбыз бар», - деди Исаков.

Министр ошондой эле дистанттык окутуу форматын мугалимдер изденүү менен өздөштүрүп, онлайн сабактарды улам жаңы инновациялык тажрыйбалар менен коштоп, балдарды кызыктырууга аракет кылып жатышканын белгилеп кетти.

Жыйында мындан тышкары аймактарда жашаган балдардын телевизорго, телефонго болгон муктаждык маселеси көтөрүлдү. Каныбек Исаков бул маселе жергиликтүү бийликтин, демөөрчүлөрдүн жардамы менен мүмкүнчүлүккө жараша чечилип жаткандыгын белгиледи.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Бардык билим берүү уюмдары карантинге жабылып, окуучулар жана студенттер аралыктан окутуу системасы аркылуу билим алуусун улантып жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG