"Сирендериң гүлдөдү, сен таштап кеттиң дүйнөнү". Элмирбексиз беш жыл
Кыргыз Республикасынын “Эмгек баатыры”, “Эл артисти”, эл ырчысы Элмирбек Иманалиевдин көзү өткөнүнө бүгүн туура беш жыл болду. «Айтыш» фондунда көптөгөн жаш акындарды таптаган таланттуу акын 2020-жылы 42 жашында күтүүсүз каза болгон. Ал ага чейин кант диабетинен жабыркап, дарыланып жүргөн.

Элмирбек Иманалиев чыгармачылыгынын 20 жылдыгына арналган кечеде. 17-ноябрь, 2013-жыл

Бүгүн акындын кичи мекени Токтогулда анын айкели ачылды.

"Айтыш" коомдук фонду билдиргендей, бүгүн Токтогул шаарындагы Асанкалый Керимбаев атындагы маданият үйүндө “Төкмө келсе төр бошот” концерти болот. Акынды эскерүү быйыл Токтогулда өтүп жатат.
Шакирти Темирбек Матыбаев (солдо) устатын: “Сирендериң гүлдөдү,
Устатым,
Сен таштап кеттиң дүйнөнү”, - деген ыр сабы менен эскерди.

Элмирбек Иманалиевдин шакирттери анын эстелигинин алдында.

Элмирбек Иманалиев "Азаттыктын" студиясында. 17-август, 2017-жыл.
Чыгаан акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган Элмирбек Иманалиев бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору.
“Айтыш” коомдук фондунда көптөгөн жаш акындардын устаты болгон. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүктөн сырткары "Манасты", дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Ал ырчы, обончу катары "Аруузатым", "Булбулум", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" сыяктуу эл оозундагы мыкты чыгармаларды жараткан.

Иманалиев чыгармачылыгынын 20 жылдыгына арналган кечеге даярдануу учурунда. 13-ноябрь, 2013-жыл.


Элмирбек Иманалиев төкмө акын Азамат Болгонбаев менен. 13-ноябрь, 2013-жыл. Сүрөт "Макал Арт" студиясынын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Элмирбек Иманалиев төкмө акын Токтогул Сатылгановдун образында. 7-апрель, 2014-жыл.

Элмирбек Иманалиев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын эмгек жамааты менен Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган гала-концертке даярдануу маалында. 7-апрель, 2014-жыл.

7-апрель, 2014-жыл.

Элмирбек "Азаттыктын" студиясында. Август, 2017-жыл
