Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Киев менен жикчилдер туткун алмашты


Туткун алмашуу жараяны «Майорск» өткөрмө бекетинде болду.
Туткун алмашуу жараяны «Майорск» өткөрмө бекетинде болду.

Украинанын бийлиги өздөрүн «Донецк элдик республикасы» деп атап алган жикчилдер менен быйылкы жылдын эсебинен биринчи жолу туткун алмашты.

Украин президентинин кеңсеси бул жараяндын алкагында жикчилдер кармап турган 19 адамды кайтарып алышарын маалымдады. Өздөрү тараптан канча адамды бошоткону азырынча белгисиз. Эркиндикке чыккандар коронавируска байланыштуу жагдайдан улам карантинге алынмакчы.

Буга чейин президент Владимир Зеленский Украинанын чыгышындагы кагылышууну жөнгө салуу боюнча түзүлгөн үч тараптуу байланыш тобуна Киев өзү алмашып алгысы келген 200 адамдын тизмесин берген. Анда бул туткундарды алмашуунун акыркы жараяны экени, «баарына баарын» деген форматта өтөрү, туткун алмашуу жараяны апрель айында ишке ашышы ыктымал экени айтылган.

Киев менен жикчилдер былтыр жыл аягында туткун алмашкан. Анда Украина 127 адамды бошоткон, ал эми жикчилдер 76 кишини берген.

Орусия менен Украинанын президенттери 2019-жылы декабрда Парижде «Норманд төрттүгү» форматындагы саммиттин алкагында жолукканда бири-бириндеги туткундардын баарын өткөрүп берүү тууралуу макулдашкан.

Киев менен Москва алгачкы жолу былтыр сентябрь айында туткун алмашкан. Эки өлкө бири-бирине 35тен адамды өткөрүп берген болчу.

Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алып, өлкөнүн чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөтүп келет. Кремль бул чатакка тиешеси жок экенин айтууда. Алты жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылыштарда 13 миңден ашуун адам өлдү.

XS
SM
MD
LG