Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Каныбек Иманалиев: Бишкек күн сайын 15-20 млн. доллар жоготуп жатат


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев өкмөткө Кыргызстандын экономикасын кармап турган Бишкек шаарында чакан жана орто бизнестин ишине уруксат берүүнү сунуш кылды.

Бул тууралуу эл өкүлү 14-апрелде парламент комитетинин жыйынында айтты. Иманалиев мисал катары өзгөчө абал режиминде чач тарачтарга, автоунаа оңдоочу жайларга, курулуш товарлары менен автоунаалардын тетиктерин саткан дүкөндөргө уруксат бериш керек экенин билдирди.

«Биз вирус менен күрөшүп жатып экономиканы таптакыр эле өлтүрүп салбашыбыз керек. Эксперттердин айтканы боюнча Бишкек шаары күнүнө 15-20 млн. доллар жоготуп жатат. Мисалы, Беларус карантин кылган жок. Бирок коронавирус жуккандардын саны бизден аз. Себеби, алар санитардык талапты так аткарып, жумушка келип-кеткендерди көзөмөлдөп жатат», - деди Иманалиев.

Өлкө бюджетинин эң көп бөлүгү Бишкектен чогулат. 2019-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 167 млрд. сомду түзсө, анын 60 млрд. сомун Бишкек шаары берген.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Кыргызстандын экономикасы ушу тапка чейин 5 млрд. сом зыян тартты. Анын ичинен салыктардан 1,5 миллиард сом, бажы төлөмдөрүнөн 3,8 миллиард сом түшпөй калды. Өкмөттүн баштапкы эсеби боюнча быйыл жыл аягына чейин бюджеттин киреше бөлүгү 30 млрд. сомго чейин толбой калышы мүмкүн. (BTo)

XS
SM
MD
LG